Москва шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Денис Проценко COVID-19 илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Россиянын президенти Владимир Путин менен Проценко өткөн жумада жолугушкан. Ал эми президенттин маалымат катчысы Путиндин абалы жакшы экенин, ал тез-тезден инфекцияга тест тапшырып турарын кабарлаган.
Дарыгер илдетке чалдыкканын өзү фейсбук баракчасына жазган.
Эске салсак, коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын саны Дүйнөдө 850 миңден ашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн