Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Путин президентти жана кыргыз элин Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады

09.05.2020 12:44
743
Путин президентти жана кыргыз элин Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады


Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Россия жана Кыргызстан элдери фашисттик баскынчыларга каршы каармандык менен күрөшүп, келечек муундар үчүн жер жүзүндө тынчтыкты коргогондордун элесин ыйык тутуп, урматтап келишет.

Ата-бабалардан мурас болуп калган достуктун жана өз ара жардамдашуунун даңктуу салттары мындан ары да кыргыз-орус мамилелерин биримдик жана стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүктүрүүнүн ишенимдүү негизи болуп кала берерине жана заманбап чакырыктарга, анын ичинде коронавирус пандемиясына каршы турууга жардам берерине бекем ишенем», - деп белгиленет телеграммада.

Президент Владимир Путин Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге жана оруктун эмгекчилерине чын жүрөктөн ден соолук, бакубаттуулук жана узун өмүр каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн