Бугу 10, 2024
Убакыт: 08:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Путин референдумга добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды

01.07.2020 12:19
955
Путин референдумга добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды


Россияда бүгүн, 1-июль өлкө боюнча дем алыш катары жарыяланып, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга добуш берүүнүн негизги күнү.


Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, добуш берүү беш күн мурда эле башталган. Ушул убакыт ичинде 50 миллион чамалуу шайлоочу добуш берип, катышуу 45,7 пайызды түздү. БШК билдиргендей, 1 млн 62 миң шайлоочу электрондук добуш берүүгө катышкан.


Кечээ, 30-июнда президент Владимир Путин элди добуш берүүгө активдүү катышууга чакырган. Себеби, референдум легитимдүү болушу үчүн көп сандагы шайлоочулар катышуусу керек.


Конституциялык өзгөрүүлөр референдумда колдоо тапса, Владимир Путин кайрадан президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтө алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн