Бугу 11, 2024
Убакыт: 13:55
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Путинди мазактаган грузин журналистине кол салууга Кадыровдун тиешеси жок

17.06.2020 23:47
521
Путинди мазактаган грузин журналистине кол салууга Кадыровдун тиешеси жок


Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров грузин журналисти Георгия Габунияга кол салуу аракети анын көрсөтмөсү менен даярдалган эмес, эгер тапшырма берген болсо, ал сөзсүз аткарылмак, деп айтты.


Ошону менен бирге чечен лидери өткөн жылдын жайында Россия Президенти Владимир Путиндин дарегине айткан мазактоо сөздөрү үчүн журналистке кечирим суроого кеңеш берди.


Эске салсак, бир күн мурда оппозициялык “Мтавари Архи” (Башкы канал) грузин телекомпаниясынын генералдык директору Ника Гварамия: “Жакында Грузиянын атайын кызматтары тарабынан камакка алынган ингушетиялык 38 жаштагы Васамбег Боков телеканалдын журналисти Георгий Габуниянын көзүн тазалоо үчүн Грузияга келген. Бул кол салуунун уюштуруучусу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров болушу мүмкүн”, - деп айткан. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн