Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 19:58
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Путиндин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында 7 документке кол коюлду

12.10.2023 17:50
165
Путиндин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында 7 документке кол коюлду


Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы менен бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.


Кол коюлган документтердин тизмеси:

- Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы Б. Ельцин атындагы КРСУнун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Россиянын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Россиянын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2023-2024-жылдарга карата кызматташтык программасы;

- Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Россиянын Жаратылыш ресурстар министрлигинин ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен Россиянын жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму;

- Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ортосундагы ниет протоколу;

- Россия өкмөтү менен Кыргызстандын министрлер кабинети ортосунда биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн