Бугу 01, 2024
Убакыт: 00:57
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Путиндин “хан сарайын” кыска аралыкта 19 млн адам көрдү (Видео)

20.01.2021 15:44
1285
Путиндин “хан сарайын” кыска аралыкта 19 млн адам көрдү (Видео)


Россиядагы оппозиция лидерлеринин бири Алексей Навальныйдын “Путиндин хансарайы. Эң чоң коррупциянын тарыхы” аттуу иликтөөсү 1 суткада 19 миллионго жакын көрүүчү топтоду. Ал аталган тасманы камакка алынарына чейин даярдаган жана аны Навальныйдын Ютуб каналына анын санаалаштары жарыялаган.


Тасмада “Путиндин хан сарайы” деген имарат Кара деңиздин жээгинде токойлуу, жүзүмдүккө оронгон жерде 2005-2010-жылдары дээрлик 1 миллиард долларга курулганы баяндалат. Ошондой эле Путин менен бирге Россияны “тоноду” деген адамдар боюнча да маалыматтар айтылган. Учурда бул видео ютубда эң көп көрүлүп жаткан тасмалардын катарына кирди. Ага 1,7 млн жакты (лайк) белгиси басылган жана 600 миңге жакын пикир калтырылган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн