"Единая Россия" саясий партиясы Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына болгон шайлоодо 49,82% добушка ээ болду. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы протоколдорду 100% эсептегенден кийин билдирди.
"Единая Россия" Мамлекеттик Думада конституциялык көпчүлүктү түзөт, партия 300дөн ашык депутаттык мандатка ээ болду.
Мындан сырткары Мамлекеттик Думага Россия Федерациясынын Коммунисттик партиясы, "Справедливая Россия - за правду", ЛДПР жана "Новые люди" парииялары өттү.
Шайлоонун акыркы жыйынтыгы бардык арыздар каралгандан кийин чыгарылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн