Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 20:37
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Путиндин тапшырмасы боюнча Кыргызстанга келген Д.Козак менен С.Жээнбеков жолукту

13.10.2020 16:10
1307
Путиндин тапшырмасы боюнча Кыргызстанга келген Д.Козак менен С.Жээнбеков жолукту

Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалда жаралган кризистин биринчи күндөрүнөн тартып президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен бир канча жолу телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Россия — создаштар жана стратегиялык өнөктөштөр, ошондой эле ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУ уюмдарынын мүчөлөрү болуп саналат.

Россия тарап кырдаал түзүлгөндөн баштап тынчсыздануусун билдирген жана абалды жөнгө салуу боюнча өздөрүнүн жардамын сунушташкан.

Жакында президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте РФ президенти Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча Кыргызстанга келген Россия Федерациясынын президентинин Администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту.

Жолугушууга Садыр Жапаров дагы катышты.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кожошева Жийдегул
Туура.. Бизге жакын стратегический оноктошубуз... Мен прозападный,ойлору барларды колдобойм... Биздин мигрантарды ойлойлу... Негизи президент бош киши... Дипломатия олгон чын... Эгемен мамлекетибизди жоготуп албайлы