Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги Украинадагы операция тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.
Министрлик билдиргендей, Украинадагы Бердянск жана Энергодар шаарлары орус аскерлеринин көзөмөлүнө өттү.
Украинанын асманында Россиянын учактары толук көзөмөлгө алды. Ошондой эле Украинанын 1114 аскердик түзүмү жок кылынган.
Мындан сырткары, Запорожиск Атом электр станциясы толук орус аскерлеринин карамагына өтүп, адистер радиоактивдүүлүктү номрмада кармап турат.
Киевден чыгып кетүүнү каалаган жарандар Киев-Васильков жолу аркылуу коопсуз чыгып кете алат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн