Баш оона 21, 2025
Убакыт: 21:28
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга келет

27.06.2025 13:05
119
РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга келет


Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 28-29-июнда расмий иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти. 


Маалыматка ылайык, ал тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча келүүдө. 


Иш-сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү пландалып, анда кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жана эл аралык күн тартибинин негизги аспектилери талкууланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн