Бугу 04, 2024
Убакыт: 19:38
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

РФнын өкмөтү КР менен билим берүү тармагындагы келишимди ратификациялады

07.08.2023 09:46
285
РФнын өкмөтү КР менен билим берүү тармагындагы келишимди ратификациялады


Россия Федерациясынын өкмөтү Кыргызстандын министрлер кабинети менен билим берүү тармагындагы келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу анын расмий сайтында айтылат.


“Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Жалпы билим берүү уюмунун ишмердүүлүгүнүн шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” федералдык мыйзамдын долбоорун жактырсын жана белгиленген тартипте Мамлекеттик Думасынын кароосуна киргизсин”, - деп айтылат маалыматта.


Документ эки өлкөнүн маданий жана билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталганы белгиленген.


Буга чейин Россия Федерациясынын Билим берүү министрлиги 2023-жылы Кыргызстандын мектептерине 150 орус мугалимин жөнөтөрү маалымдалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн