Радиожыштыктарды сатуу боюнча козголгон кылмыш иш боюнча айыпталып жаткан өкмөттүн аппаратынын мурдагы башчысы Самат Кылжыев камактан бошотулду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өздүк булактары билдирген.
Маалыматка ылайык, мурдагы чиновник үй камагына которулган.
2020-жылы ноябрда ал камакка алынган. Аскер прокуратурасынын жана УКМКнын ведомстволор аралык тергөө-ыкчам тобу айрым мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан сатып алуу-сатуу боюнча бүтүм түзүүдө коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн