Тажикстан кошуна өлкөлөр менен дайыма жакшы мамилени карманат. Мындай пикирин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан аскердик парад учурунда билдирди. Бул тууралуу "Спутник Тажикстан" кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, бүгүн Тажкистанда аскердик жана резервдик курам ири машыгуу өткөрөт.
Ал эми борбор Дүйшөмбү шаарында президенттин алдында аскердик-техникалык парад өтүүдө.
"Тажикстан ар дайым кошуна өлкөлөр менен жакшы мамиледе болууну карманат. Ошондой эле эч качан кошуна өлкөлөргө курал колдонбойт",- деди тажик президенти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн