Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Рамиз Алиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды

07.05.2024 09:26
297
Рамиз Алиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды


Рамиз Алиев Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка калаа мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Буга чейин Бишкек мэринин орун басары кызматын Жыргалбек Шамыралиев ээлеген. Ал кызматынан өз каалоосу менен бошотулду.

Ал эми Рамиз Алиев буга чейин "Тазалык" муниципалдык ишканасын жетектеп келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн