Чечен өлкөсүнүн башчысы Рамзан Кадыров улуу кызын маданият министринин биринчи орун басары кылып дайындады. Бул тууралуу ал өзүнүн “Глава Чечни” телеграмм каналына жарыялады.
“Достор, Айшат Кадырова маданият министринин биринчи орун басары кызматына дайындалды. Чын жүрөгүмдөн анын жашоосундагы маанилүү учуру менен куттуктайм!”, - деп жазган.
Айшатты жаңы кызматка дайындоо бул тең салмактуу чечим болгонугун, жаш болсо да ал маданият тармагында көптөгөн долбоорлор менен иш алып барып, мыкты тажрыйбага ээ экендигин Кадыров баса белгилеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн