Бугу 12, 2024
Убакыт: 16:45
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Рамзан Кадыров Ассоль Молдокматовага бриллиант белек кылды (видео)

22.06.2020 14:28
1212
Рамзан Кадыров Ассоль Молдокматовага бриллиант белек кылды (видео)


Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова туулган күнүнө карата Чеченстан башчысы Рамзан Кадыровдон белек алганын Facebook социалдык тармактагы баракчасына жазды.   


Бүгүн, 22-июнда Ассоль Молдокматова туулган күнүн белгилеп жатат. Рамзан Кадыров ага бриллианттан атайын топтом жөнөткөн. 


Буга чейин Рамзан Кадыров Кыргызстандагы карылар үйүндө жашаган боордошу Данги Битаевге атайын учак жиберип, 76 жылдан кийин мекенине алып  кеткени маалымдалган. Аны Ассоль Молдокматова өзү коштоп барган. Теле алып баруучу Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Чеченстанда туулган карыя тууралуу видеоролик чыгарган. Анда 81 жаштагы Битаев мекенине баргысы келерин билдирген. Ал 1944-жылы Кыргызстанга депортацияланып келип калган. Бул кабар Рамзан Кадыровго жеткенден кийин карыянын Грозныйдан туугандары табылып, Чеченстан башчысы аны мекенине алып келүүнү тапшырган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн