Чеченстан Республикасынын президенти Рамзан Кадыров өз кызматын улантат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин орус маалымат каражаттары жазды.
"Рамзан Кадыров Чеченстандын президенти кызматын тапшыруу боюнча жасаган кайрылуусун көрдүк. Ал республиканын башчысы катары иштеп жатат",- деди Песков.
Белгилей кетсек, 3-сентябрда Рамзан Кадыров 15 жылдык президенттик мөөнөттөн кийин кызматтан кетүү ниетин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн