Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Рамзан Кадыров кандай жашайт жана анын түшкө кирбеген кирешелери (видео)

11.05.2021 11:40
1387
Рамзан Кадыров кандай жашайт жана анын түшкө кирбеген кирешелери (видео)


Рамзан Кадыровдун 2300 чарчы метрлүү үйү, 1,5 млн евролук машинасы жана Жерер Депардьеге берген 15 млн долларлык квартирасы


Россия Федерациясынын курамындагы Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров дүйнө элине көрүнүктүү инсандардын катарында турат. Ал тууралуу оң маанайдагы да, терс маанайдагы да маалыматтар жок эмес. Каралагысы келгендер бар. Ошол эле убакта анын эр жүрөктүүлүгүн, берешендигин, ар-намыстуулугун баса белгилегендер көп.


Аны колдогондордун да, каралагандардын да өзгөчө кызыккан темасы – бул Рамзан Кадыровдун декларациясына киргизилбеген кирешелери, материалдык абалы.


Рамзан Акматович 1976-жылы 5-октябрда Чечен-Ингуш АССРинин Центарой айылында жарык дүйнөгө келген. Ал Кавказдагы белгилүү саясатчы болгон Акмат Кадыровдун уулу. Ал бала кезинен катуу тартипте чоңойгон. 2003-жылы Чеченстандын президенти Акмат Кадыров болгондо, анын уулу Коопсуздук кызматын жетектеген. Бир нече жыл ичинде ал бир катар мамлекеттик кызматтарга которулган. Бирде тышкы иштер министрлигинде, бирде компенсация төлөө комитетин жетектеген.


2004-жылы Акмат Кадыров каза болот. Атасынын каза болгону Рамзан Кадыров үчүн өтө оор сокку болот.


Ошондон кийин ал Чеченстандын биринчи-вице-премьери кызматына барат. 2005-жылга чейин парламент төрагасынын милдетин аткарат. Бир жылдан кийин элдин ишенимине ээ болуп, аскерлердин колдоосуна да ээ болуу менен Чечен Республикасынын башчысы болуп калат.


Р. Кадыровдун өмүрлүк жары – Кадырова (Айдамирова – кыз кезиндеги фамилиясы) Медни Мусаевна. Алар өздөрүнүн 10 баласынан сырткары 2007-жылы дагы эки баланы балдар үйүнөн алып багып алышкан. Медни Кадырова 4 уул, 6 кыз төрөгөн. Багып алган эки уулдары менен жалпы 12 баланын ата-энеси. Медни айым үй-тиричилигин жасоо, балдарды багуудан сырткары, мусулман кийимдеринин дизайнерлиги менен да алектенет. Грозныйда ал «Мода үйүн» ачкан. Анда өзүнүн колунан жасалган стилдүү жана кооз кийимдер бар. Бүгүнкү күндө анын дүкөндөрү Чеченстанда гана эмес, башка мусулман өлкөлөрүндө да иштейт. Мисалы, Араб Эмираттарында.


Чеченстандын өкмөтүнүн расмий маалыматы боюнча Рамзан Кадыровдун расмий кирешеси 7 580 000 рублди түзөт. Кадыровдун үй-бүлөсү кыймылсыз мүлктөргө да ээлик кылат - 3600 чарчы метрлүү жер тилкеси жана 2300 чарчы метрлүү үй. Бирок, желип-жорткон кептерге караганда Рамзан Акматовичтин байлыгы декларацияда көрсөтүлгөн сумма менен чектелбейт. Себеби, Кадыровдун үй-бүлөсүнө «Акмат Кадыров» атындагы регионалдык коомдук фонд тиешелүү. Дал ушул уюм үй-бүлөнүн негизги жана расмий эмес киреше булагы болуп саналат. Ал Р. Кадыровдун өзүнө эмес, апасы Аймани Кадыровага таандык. Практика жүзүндө Кадыров өзү башкарат. Документ боюнча фонд муктаждарга жардам көрсөтүүгө жана Чеченстанда ремонт иштерин жүргүзүүгө багытталган. Фонддун отчетуна ылайык, анын бюджети 3 млрд рублдин жогору. Акыйкаттык үчүн айтып коюш керек, ушул жылы эле фонд 747 млн рублб кайрымдуулукка, 8 млн рубль камсыздоого жумшаган.


2009-жылы Чечен Республикасынын башчысынын буйругу менен аткана курулган. Тактап айтсак, ат майданы, үч аткана, административдик корпусу, складдары менен. Анын документ боюнча ээси – аттардын машыктыруучусу Шавтухаев. Бул Россиядагы мыкты ипподром болуп саналат.


Рамзан Кадыров мыкты пародадагы аттарды гана жакшы көрбөстөн, мыкты үлгүдөгү темир тулпарларды да жакшы көрөт. Муну жакшы билген достору ага немецтик жана италиялык автоунааларды белек кылып турушат. Анын коллекциясында Тамерлан Мингаев белек кылган 1,5 миллион евро турган Bugatti Veyron үлгүсүндөгү машина бар. Мындан сырткары Ламборджини Ревентон, Мерседес-бенц Макларен, Феррари  жана башка кымбат баалуу автоунааларга ээ. Автоунааларынын баасы 450 миң рублдан башталат. Анын коллекциясында Россиядан чыккан автоунаалар да бар. Мисалы, Заз-968, , ВАЗ-2105. Машиналарынын номурлары КРА деген тамгалардан турат. Түшүнүктүү болсо керек.


2007-жылы «Терек» футболдук клубу Чечен Республикасынын мурдагы президентинин урматына «Ахмат» болуп өзгөргөн. Клуб расмий түрдө Чечен Республикасына таандык. Бардык муктаждыктарды Кадыровдун фонду жана Тельман Исмаилов каржылайт.


Рамзан Кадыров республиканын Бокс федерациясынын үч ээсинин бири болуп саналат. Ал өзү да спорттун бул түрүнүн мастери. Таэквандо менен да машыгат. Бул түр боюнча «кара курдун» ээси. Ошондой эле 2017-жылы интернетте ал 50 кг салмактагы штанганы 50 жолу тынымсыз көтөргөнү боюнча видео тараган.


Кадыровдун материалдык абалы анын жеке зоопаркка ээлик кылуусуна да жол берет. Анда элиталык кавказ овчаркалары, , страус, арстан, карышкыр сыяктуу жаныбарлар бар.


Декларацияда Кадыровдун өзүнүн гана материалдык абалы эмес, аялы Медни Кадырованын да кирешелери көрсөтүлгөн. Документ боюнча Медни Кадырова Москва шаарындагы өтө престиждүү райондордун биринде, «Воровьевы Горы» турак-жай комплексинде квартирага ээ. Ошондой эле анын жылдык кирешеси 60 миң рубль деп көрсөтүлгөн. Кадыровдун 18 жашка тололек эки уулу айына 200 миң рубль киреше таба турганы жазылган. Кирешенин булагы көрсөтүлгөн эмес.


Рамзан Кадыров кимге кааласа да кымбат белек тартуулай алат. Мисалы, кымбат баалуу автоунаа Хабиб Нурмагомедовго, «Ахмат» клубунун оюнчуларына жана жерден өзүн түртүп көтөрүү боюнча (отжимание)  5 жаштагы рекордсменге берген. Дагы бир машина өзүнүн уулдарынын машыктыруучусуна тийген. 2015-жылы Чечен Республикасында «Байкер клубунун» бөлүмү ачылган. Анын катышуучуларына 16 мотоцикл белек кылган. Кадыровдун материалдык абалы атамекендик жана чет элдик жылдыздарга да кымбат баалуу белектерди берүүгө жетет. Мисалы, Сергей Зверевге 100 миң доллар турган саат, Яна Рудковскаяга 250 миң доллар турган машина, Майк Тайсонго 2 млн доллар, Жерар Депурдьеге 15 млн долларлык квартира белек кылган. Булар Кадыровдун берешендигин көрсөткөн белгилүү гана белектери.


Ал белгилүү адамдарга, дүйнө жылдыздарына гана эмес, карапайым адамдарга да белектерди берип, материалдык колдоо көрсөтүп келет.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн