Бугу 12, 2024
Убакыт: 10:00
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Рамзан Кадыров өз үй-бүлөсүнүн аялдар мүчөлөрүнө ифтар уюштурду (видео)

29.04.2021 09:57
1050
Рамзан Кадыров өз үй-бүлөсүнүн аялдар мүчөлөрүнө ифтар уюштурду (видео)

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Орозо айында үй-бүлөсүнө ооз ачуу иш-чарасын (ифтар) уюштуруп берди. Бул тууралуу ал Ютубдагы өзүнүн Рамзан Кадыров каналынан билдирди.


Видеодон президент үйүнүн короосу алдында тамак-ашты өзгөчө ыкмада жалаң мырзалар менен бирге жасап жатканын көрүүгө болот. Рамзан Кадыров очок алдына от жагып, казан асып, этти кууруп жатса, жанындагы балдар чокко тамак даярдап жатканы байкалат.   


“Биз Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн карыздарыбызды аткарып, анын алдындагы парздардын бири болгон Орозону кармоону ийгиликтүү улантып жатабыз. Ар бир мусулман жакшы иштерди жасоодон өзүн чектебеш керек. Ошондуктан балдар менен чогуу үй-бүлөбүздүн сүйүктүү аялдар мүчөлөрүнө ифтар уюштуруп бердик”, - деп жазды Рамзан Кадыров.


Анын айтымында, Чечен Республикасынын биринчи президенти, Россиянын баатыры Ахмат-Хаджи Кадыров – Ахмат, Эли жана Адамдын неберелери мындай иштерге өтө жоопкерчилик менен мамиле кылышат. Ифтарды уюштурууда алар тамакты даамдуу жасап, жакшы даярдыктарды көрүштү. "Мен да жөн турбастан, аларга жардам бердим”, - дейт ал.


Кенен жана кооз үйдүн ичиндеги бир столдо чоң үй-бүлө бирге ооз ачып, тамактанып жатышканы видеого тартылган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн