Бугу 11, 2024
Убакыт: 19:37
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Расмий түрдө. ОшМУнун ректору Кожобеков кызматынан бошотулду

10.11.2021 18:11
694
Расмий түрдө. ОшМУнун ректору Кожобеков кызматынан бошотулду

Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматынан бошотулду. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кожобеков президенттин 2021-жылдын 1-ноябрындагы №512 «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткарбагандыгы үчүн кызматынан бошотулду.


Аталган чечим Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 6-ноябрындагы №1125 чечиминин негизинде кабыл алынган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн