Равшан Жээнбеков 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу "Кактус.медиа" билдирди.
Белгилүү болгондой, бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралган. Жээнбеков үй камагынын шарттарын бузуп, кечки саат 22:00дон кийин көчөдө сейилдеп жүргөн.
Равшан Жээнбеков соттун чечими менен октябрь айына чейин камалды. Ал Кой-Таш окуялары боюнча айыпталууда.
Буга чейин Равшан Жээнбеков өзүнүн камалары тууралуу айтып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн