Кыргызстанды азыркы оор экономикалык, саясий кризистен алып чыга турган жалгыз кандидат менмин. Мындай пикирин президенттикке талапкер Равшан Жеенбеков Майраш Базлакунова менен болгон маегинде билдирди.
"Мен өзүмдү чоң кызматтарга даярдап келгем. Айрымдар түшүмө да кирген эмес дешет. Мен 16 жылдык тажрыйбамды программама киргиздим. Өзүмдүн кыйналган саясий жолумду коомго сунуштадым. Коом колдойбу жокпу ал экинчи маселе. Эгерде колдобосо азыркы оор экономикалык абал менен кыйын, адилетсиз кала беребиз. Эмне үчүн мен ишенимдүү түрдө айтып жатам? Кыргызстанды экономикалык-саясий кризистен алып чыга турган жалгыз кандидат менмин. Мен 100% ишенем", - деди Жеенбеков.
Пикирлер (3)