Президенттикке талапкерлердин бири Равшан Жеенбеков Садыр Жапаров менен сүйлөшүүгө жана кызматташууга даяр экенин айтты. Бул тууралуу ал "Вести.кг" сайтынын шайлоо жыйынтыгы боюнча берген суроолоруна жооп берип жатып билдирген.
"Бардык талапкерлер жолугушуусу керек деп ойлойм. Бул дүйнөлүк практика. Шайланган президент оппоненттерин чакырып, сый-урмат көрсөткөндө, бул жакшы саясий маданият. Ал айрым сунуштарды уга алат. Президент кааласа, өзүнүн идеясы менен төп келген оппоненттери менен иштешет. Мен бармакмын, эч нерсе болбойт
Эгер менин бир мамлекетке пайдам тийсе жана принциптериме туура келсе бармакмын" ,- деди Равшан Жеенбеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн