Бүгүн, 8-апрелде саясатчы Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде сурак берип жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.
Анын айтымында, ага жакын туугандары аркылуу кысым көрсөтүлүп жатат.
Кошумчалай кетсек, бүгүн эрте менен саясатчы Равшан Жээнбековдун үйүнө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан тинтүү жүргүзүлгөнүн Фейсбук баракчасына жазган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн