Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдон пневмония аныкталды. Бул тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине ишеничтүү өздүк булактар билдирди.
“Равшан Жээнбековдон пневмония илдети аныкталды. Анын абалы жеңил болгондуктан абакта дарыланат. Абалы жакшы”, - деди булак.
Белгилей кетсек, 8-июнда пневмониядан 44 бейтап каза болду. Ал эми бейтапканаларда бош 201 орун бар экени айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн