Бугу 06, 2024
Убакыт: 11:59
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Равшан Жээнбеков карындашы тууралуу үн катты

09.04.2021 13:57
1558
Равшан Жээнбеков карындашы тууралуу үн катты


Көп кабаттуу үйдүн жер участогу Бишкек шаардык сотунун судьясынын аялы Мира Жээнбековага таандык. Бул тууралуу парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков 24.kg  агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Токтогул көчөсүндөгү жер участогу 1980-жылдары сатылып алынган.

“Менин карындашымдын күйөөсү Султан Шадиевдин өзүнүн бизнеси – стоматологиялык клиникасы бар. УКМКнын маалыматында айтылып жаткан жер участогу ага таандык. Ал эч качан мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес. 2017-жылы түркиялык жеке компаниянын турак-үй курулушунун үлүшүнө ээ болгон. Ошол участокко алмашуу үчүн ага кыймылсыз мүлктүн 10 пайызын берген же 75 батир болсо, анын 7 батирин Султан Шадиевге беришкен. Кыймылсыз мүлктүн курулушу менин карындашымдын үй-бүлөсүнө эч кандай тиешеси жок, — деди Равшан Жээнбеков.

Адвокат Марат Дүйшеналиевдин айтуусунда, УКМК Мира Жээнбекова өзүнүн декларациясында бул курулуш тууралуу көрсөткөн эместигин ырастап жатат, анткени үй эксплуатацияга 2021-жылы бериле баштады.

«Султан Шадиевдин жети батирге ээ болуу укугу быйыл 2021-жылы гана пайда болду. Декларация жылдын аягында тапшырылат. Ага ылайык, Мира Жээнбекова өзүнүн кыймылсыз мүлкүн 2021-жылдын жыйынтыгы менен көрсөтөт да», - дейт Марат Дүйшеналиев.

Белгилей кетсек, УКМК Бишкек шаардык сотунун судьясынын аялы Мира Жээнбековага карата “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн