Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Райым Матраимов Бишкектин чок ортосунан пентхаус сатып алды

04.06.2021 18:23
2204
Райым Матраимов Бишкектин чок ортосунан пентхаус сатып алды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарынын тарапташынын айтымында, Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сом зыянды төлөп берүү үчүн туугандарынан жардам суроого аргасыз болгон. Бирок, жаңы маалыматтар көрсөткөндөй, бул ага Бишкекте жаңы пентхаус сатып алууга жолтоо болгон эмес. Болгондо дагы турак жайды эски аппартаменттеринин жанынан алган.


Кыргызстандын бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары жана сот жообуна тартылган коррупционер Райымбек Матраимов Бишкектин так ортосундагы Эркиндик бульварынан орун алган «элиткадан» дагы бир пенстхаус сатып алды.


2021-жылдын февраль айында Матраимов бюджетке келтирген чыгымдын ордун толтуруу үчүн мамлекеттин эсебине 2 млрд сом төгүп берип, бажы түзүмүндө коррупциялык схеманы орнотконун мойнуна алган. Ал кезде мурдагы аткаминер бул акчаны төлөй албай кыжаалат болгону айтылган.


Бирок «Клооп» менен OCCRP үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде, өкүмдөн бир нече ай өткөндөн кийин Матраимов Бишкектеги Эркиндик бульварында жайгашкан, чатырында таажысы бар элиталуу үйдөн жаңы пентхаус сатып алганын аныктады.


Пентхаус канчага алынганы азырынча белгисиз, бирок ошол үйдүн алдыңкы кабатындагы аянты 230 чарчы метр болгон ошондой эле батирдин баасы 200 миң доллар турат.


Матраимовдун жаңы турак жай сатып алуусу мурдагы бажычыга карата чыккан өкүмдүн натыйжалуулугунан жана коррупцияга шектелген чиновниктерди келтирген зыяндын ордун толтурган соң боштондукка чыгарып жиберүү тажрыйбасынын таасирдүүлүгүнөн күмөн жаратат


Жаңы мүлк сатып алуунун өзү дагы суроолорду жаратат.


Батирге мурда Айбек Абдуллаев аттуу адам ээлик кылган. Ал кезде пентхаус бир жыл бою Бишкектин Ленин райсотунун чечими менен камакта турган. Камактан алынгандан үч күн өтпөй Матраимов бул апартаментти сатып алган.


Абдуллаев жөнүндө азырынча маалымат жок, байланышууга да мүмкүн болбоду. Бишкектин Ленин райсоту бул материал жарык көргөнгө чейин батир эмне себептен камакка алынганын дагы түшүндүрүп бере алган жок. Матраимовдун өкүлү комментарий берүү тууралуу суранычыбызга жооп берген жок.


Күмөндүү келишимдер

«Клооп», OCCRP, Bellingcat жана «Азаттык» үналгысынын журналисттери Матраимовдун коррупциялык ишмердигин аныкташкандан кийин дагы анын мүлкүнө карата дооматтар болгон.


Буга чейинки жарык көргөн иликтөөдө журналисттер Матраимов эски үйлөрдөн батирлерди дүңүнөн сатып алып, бюджетке келтирилген зыяндын ордуна 2 млрд сом төлөө жөнүндө тергөө менен келишимге баруу үчүн мамлекеттин карамагына өткөрүп бергенин аныкташкан.


Тергөө менен кызматташуу Матраимовго абак жазасын албай штраф жана кенемте менен эле кутулуп кетүүгө жол ачкан. Ал эми АКШ Глобалдык Магнитский актысынын алкагында ага карата санкцияларды жарыялаган, натыйжада ал бул тизмеге кирген алкачкы кыргыз аткаминери болгон.


Мурдагы бажы кызматкеринин үй-бүлөсүнүн тарапташы жана алар каржылаган «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Элнура Алканова ошол кезде Матраимов 2 млрд сомду төлөп бериш үчүн тарапташтары жана тууган-уругунан акча чогултуп (үй-бүлөсү кредит алып), болгон мал-мүлкүн сатууга аргасыз болгонун айтып чыккан.

Бирок мүлк алуу боюнча жаңы факт Матраимов кедей болуп кетпегенин көрсөтүп турат.

Матраимовдун бизге белгилүү мүлкүн текшерүү ал аны эч кимге сатпаганын, мурдагыдай эле Эркиндик бульварындагы имараттагы «эски» пентхаусуна жана Оштогу батирине ээлик кылаарын бышыктады.

Бирок Матраимовдун айрым менчиктеринин ээлери алмашкан — жээндеринин бири 2020-жылдын октябрь айында эск-бажычы тергөө менен келишимге бараардан бир күн мурун Оштогу батирин соодаласа, дагы бир иниси үстүбүздөгү жылдын январь айында, ошол эле шаарда курулуш компаниядагы үйүн саткан.

Матраимов бул сатыктардан кандайдыр бир киреше алып-албаганы белгисиз, бирок бул мүлктүн болжолдуу баасы жаңы пентхаустун баасынан ашпайт.

Матраимов деген ким?

OCCRP, «Азаттык», Bellingcat жана «Клооптун» Борбор Азиядагы аткезчилик жана коррупция тууралуу журналисттик иликтөөлөрүнүн каарманы — Райымбек Матраимов — өткөн жылдын октябрь айында, өлкөдө бийлик алмашкандан кийин баягыдай сүймөнчүккө ээ болбой калган.

Революцияга чейин Кытайдан аткезчилик жол менен товар ташууга жана көмүскө ишкер Хабибулла Абдукадыр менен байланышы тууралуу журналисттердин материалдарына карабай мурдагы бийлик аны калкалап келген.

Революциянын алдында Матраимовдун үй-бүлөсү жана тарапташтары парламентке «Мекеним Кыргызстандын» байрагы менен парламентке келүүгө аракет кылышкан.

Аталга партия шайлоодо экинчи орунга ээ болгон, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, шайлоо жокко чыгарылган. Толкундоолор өлкөдө президентти отставкага кетирүү жана бийлик алмашуу менен аяктаган.

Булак: Клооп

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн