Бугу 05, 2024
Убакыт: 05:22
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Райым Матраимов мамлекетке 2 млрд сом эмес, 2 млрд доллар төлөшү керек

06.11.2020 14:57
3285
Райым Матраимов мамлекетке 2 млрд сом эмес, 2 млрд доллар төлөшү керек


Ээрге жаңыдан минген жаңы бийлик да коррупция менен реалдуу күрөш жасай турганын биринчи күнүнөн тарта айтып келатат. Албетте так жана ачык айтылган убада жакшы. Бирок, анын аткарылышы башка иш. Убадага жасалган иш төп келишпей калса, анда дал ошол убада кайра бийликке каршы нааразычылыктардын пайда болушуна алып келет. Алтургай тактан кулоонун негизине айланат. 


Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 6-октябрда абактан чыгаары менен эле «Райым камалат, «Кумтөр» Кыргызстанга иштейт» деген так кесе убаданы айткан. Эл азыр бул убадалардын реалдуулукта кандай аткарылып жатканына көз салып турат. Ырас, убадалардын аткарылышына да убакыт керек. Бирок, С. Жапаров бул күрөштөгү натыйжаларды бир-эки айда эле эл сезе баштай турганын айткан. Демек, бир ай убакыт өтүп калды. 


Убадага ылайык Райым Матраимов 20-ноябрда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Бирок, бат эле кайра үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу С. Жапаров өзү «Райым Матраимовду үй камагына Ташиев чыгарган жок. Аны мен чыгарттырдым. Биз коррупционерлерди түрмөгө камап, мамлекеттин эсебинен аларды багып отура бербешибиз керек. Андан көрө аларды кустуруш керек. Матраимов ушул айдын аягына чейин мамлекетке 2 млрд сом төгүшү керек. Азыр дароо 80 млн сом төктү. Эгер кылмыш ишин иликтөөдө ал дагы көп зыян келтирген болсо, анда дагы “төгөт” деп маек берди. 


2 млрд сом АКШ долларына оодарганда 25 млндун тегерегинде болот. Демек, бүгүнкү бийлик дал ушунча сумманы төлөтүп туруп Райым Матраимовду боштондукта калтыруу ниетинде болуп жатканын түшүнбөй коюуга мүмкүн эмес. Элдин күткөнү ушундай беле? Анда «Азаттык» иликтеген 700 млн доллар эмне болот? Ал иликтөөдө ошончо суммадагы сыртка чыгарылып кеткен каражаттан эле мамлекетке 7-8 млрд сом төлөнүшү керек болгону айтылган. Аны эмне кылабыз? 


Эгерде бул бийлик Матраимовдон 2 млрд доллар мамлекеттин эсебине төктүрдүк дешсе, анда таптакыр башка иш болмок. Ошондо гана эл да коррупцияга каршы күрөш чындыгында реалдуу жүрүп жатканын түшүнмөк. Же 2010-жылдан берки Бажы тармагындагы коррупциялык иштердин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян бар болгону 25 млн доллар бекен? Буга ким ишенет? 


Анан дагы бир маселе бар, ушул 2 млрд сом мамлекеттин эсебине төлөп бересиң деген макулдашууга «жетишүү» үчүн Матраимов бийликте отургандардын кимисинин оозун дагы 2 млрд сом менен «майлады» экен? 


5-октябрдан 6-октябрга караган түндө болуп өткөн төңкөрүштүн түпкү негизи эмнеде болгонун да бүгүнкү бийлик эсинен чыгарбашы зарыл. Экс-президенттин бийлигинин түбүнө дал ушул Райым Матраимов жеткенин айтып жүргөндөр арбын. Демек, бүгүнкү бийлик үчүн бул сабак болушу керек. «2 млрд сом төлөп жатпайбы, мурдагы бийликтин тушунда ким ушунча акча төлөдү эле?» деген сөздөр менен актанып, экинчи жагынан Матраимовду ушул сөз менен калкалай бере турган болсо, анда С. Жапаровдун бийлигинин түбүнө да дал ушул жагдай жетиши мүмкүн. 


Деги эле президенттин милдетин аткаруучунун кимди камап, кимди үй камагына чыгарышы керектиги боюнча көрсөтмө бергидей укугу барбы? Же ыйгарым укуктарынан аша чаап, укук коргоо органдарынын иштерине түздөн-түз көрсөтмө берип жатканыбы? Эмнеси болсо да С. Жапаров мурдагы бийликтегилердин кетирген катачылыктарын кайталабай, коррупцияга жана криминалга каршы күрөштөрдө «спектакль» койбой иш алып барганы оң. Болбосо, азыркы коомдо ким актер болуп, кнадай сценарийдин негизинде роль ойноп жатканын жаап-жашырып калуу мүмкүн эмес.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айзада
Туура эле, спектакль койуп койушту Жапаровдон мындайды куткон эмес элек((( Матримовдун бир кундук алган акчасы 2млрд сом кыргызстандан!