Бугу 05, 2024
Убакыт: 23:22
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

“Райым миллиондун” агасы, депутат Искендер Матраимовдун байлыктары

04.11.2023 18:45
859
“Райым миллиондун” агасы, депутат Искендер Матраимовдун байлыктары


Эл арасында “Райым миллион” атка конгон Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары, коррупцияга шектелип, күнөөсүн мойнуна алган Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовго катталган бизнес уюмдары ачык булактардан табылган жок, бирок, жакындарына таандык коммерциялык уюмдар аныкталды.


Эл өкүлү Искендер Матраимов 1962-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Агартуу айылында туулган. Анын эки жогорку билими бар.  1990-жылы Скрябин атындагы айыл-чарба институтун аяктап, зооинженер кесибине ээ болгон. Кийинчерээк Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде окуп, юриспруденция адистигин алган. Эмгек жолун 1982-жылы Кара-Суу районунун Калинин атындагы колхозунда зоотехник болуп баштаган.


Искендер Матраимов Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары, коррупцияга шектелип, күнөөсүн мойнуна алган Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы. Райымбек Матраимов бажы кызматындагы коррупциялык схемалар тууралуу журналисттер жасаган бир нече иликтөөлөрдүн каарманы.


Искендер Матраимов 2015-жылы Жогорку Кеңешке КСДП партиясы менен келген. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо кайрадан депутат болуп шайланды. ЖКнын укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.


КРнын кем эле дегенде үч мыйзамы: “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”, “КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдары” депутатка бизнес менен алектенүүгө тыюу салат.

Ачык булактардан Искендер Матраимовго катталган бизнес уюмдары табылган жок, бирок, жакындарына таандык коммерциялык уюмдар аныкталган. Эл өкүлү өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштегендигин, ал эми анын жубайы Минавар Жумаева 1995-жылдан бери ишкердүүлүк кылып келгенин өзү тастыктаган. Мындан тышкары уулун дагы бизнесмен деп айтканы бар.


Жыйынтыгында, бир эмес 3 мыйзамды бузуп жаткандыгын депутат Искендер Матраимов өзү мойнуна алып жатабы?


Эл өкүлү 2015-жылы тапшырган мүлктөрү тууралуу декларациясында 367 миң сомдон ашуун бир жылдык  кирешесин көрсөткөн. Унаасы, мүлкү тууралуу маалыматтарды берген эмес.



2016-жылы тапшырган декларациясында бир жылдык кирешеси 843 миң 475 сом деп көрсөтүлүп турат.



2017-жылы бир жылда тапкан кирешеси 746 миң 995 сом деп жазылып турганын көрүүгө болот.





Искендер Матраимовдун 2018-жылга чейин тапшырган декларацияларына ишенсек, өзүнө катталган үйү жок. Бирок Кадастр кызматынан алынган маалыматка ылайык, эл өкүлүнүн 2018-жылга чейин “Ала Арча” ВИП-шаарчасында 80 сотых жери жана хан сарайы бар болчу.  Маалымкатта жазылып тургандай, сатуу келишимине ылайык, 2017-жылы Искендер Матраимов бул хансарайга ээлик кылып турган. Бирок декларациясында бул маалыматты жашырып койгон.




Ал эми 2019-жылы Искендер Матраимовдун бир жылдык кирешеси кескин өсүп, 15 миллион сомдон ашкан. Кымбат баалуу унаасы, 6 жарым миллион сомго бааланган жылкыларын да көрсөткөн. Көрүнүп тургандай, 2019-жылдагы декларациясында депутаттын аялы Минавар Жумаевага катталган “АвтоСТОлица” аттуу жоопкерчилиги чектелген коому жазылып турат.




Эскерте кетсек, бул ишкана “Эльдорадо” аттуу соода уюмуна ээлик кылат. “Бешинчи каналдын” эфиринде Искендер Матраимов киреше жана мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында өзүнө, аялына жана уулуна таандык мүлктүн баарын жазганын билдирген.


Биз Sled.kg порталынан Минавар Жумаевага “АвтоСТОлицадан”тышкары “Ош-Плаза” “Пальма и К уюмдары да таандык экенин аныктадык.



Буга чейин баарына маалым болгондой, “Азаттык” радиосунун жасаган иликтөөсүнө ылайык, өлкө сыртына мыйзамсыз жол менен 700 миллион доллар каражат чыгарылган. Бул коррупциялык схемада Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштуу компаниялардын аты чыккан.


Автор: Наргиза Нанакеева

Булак: Политклиника

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн