Бүгүн, 27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна Райымбек Матраимов алынып келинди.
Ага карата баш коргоо чарасын судья Миран Шерматов карайт.
Белгилей кетсек, ал Бакуда кармалып, 26-март күнү кечинде Кыргызстанга алынып келинген.
Белгилей кетсек, Раим Матраимовго УКМК тарабынан 2024-жылдын 26-январында издөө жарыяланган. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси “Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда аны мажбурлап кармоо жолу менен анын кыймыл эркиндигин чектөөгө көмөктөшүү” боюнча айып тагылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн