Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов атайын депозиттик эсепке каражат которууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги кабарлады.
8-декабрга карата Матраимов жалпы 773 миллион 412 миң сом которгон. Ал эми акыркы жумада 127 миллион 112миң сом депозиттик эсепке которгон.
Октябрь-ноябрь айларында 646 миллион сомдон ашык которгон болчу.
Белгилүү болгондой, Матраимов өлкө казынасына 2 миллиард сом төлөп бере турган болгон.
Пикирлер (1)