Бугу 06, 2024
Убакыт: 00:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Райымбек Матраимов муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына катышты

27.08.2023 15:12
313
Райымбек Матраимов муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына катышты


Бүгүн, 27-августта Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Бишкекте муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Матраимов бул тууралуу социалдык баракчасына жарыялады.

Белгилүү болгондой, иш-чарага Кыргызстандын жана Казакстандын муфтийлери Замир Ракиев менен Ноорузбай Таган уул баштаган адамдар менен катышкан.

Буга байланыштуу муфтият азырынча комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, ушул жылдын апрель айында муфтият Матраимовго ыраазычылык кат берген. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы имаратын Матраимов башында турган "Исмаил ата" фонду куруп жатканы ачыкка чыккан. Анын капсула салуу аземине Замир Ракиев, Райымбек Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов баштаган адамдар катышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн