Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:52
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сот Райымбек Матраимовду эркиндикте калтырды

21.10.2020 09:13
403
Сот Райымбек Матраимовду эркиндикте калтырды


Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып бергендиктен камакка алынган жок. Мындай чечим 20-октябрда Биринчи май райондук сотунда кабыл алынды. 


Маалым болгондой, Раимбек Матраимовго 2 айга өлкөдөн чыгууга тыюу салды. Ал сотко чейинки өндүрүш иши аяктаганча дайыма тергөөчү, прокурор же соттун уруксаты жок башка жакка кете албайт.


Буга чейин УКМК Р.Матраимов республикалык бюджетке 2 миллиард сом өлчөмүндө чыгымды  ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө даяр экендигин жана алгачкы 80 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМКнын депозиттик эсебине которгонун маалымдаган болчу.  


Р.Матраимовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча айып тагылган. 





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн