Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 14:53
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Райымбек Матраимов жана бир тууганы Бакудан Бишкекке алынып келинди

26.03.2024 21:36
130
Райымбек Матраимов жана бир тууганы Бакудан Бишкекке алынып келинди


26-мартта бир тууган Матраимовдор УКМКнын борбордук аппаратына алынып келинди.


Алар менен болгон унаа саат 20:30 чамасында Мамкомитеттин аймагына кирген.


Маалыматтарга караганда, Райымбек Матраимов жана анын бир тууганы Бишкекке Бакудан алынып келинген.


Эске салсак, 26-январда УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө салган.


23-мартта издөөдө жүргөн адам Азербайжандын борбору Баку шаарында экени белгилүү болгон. Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Азербайжанга кат жолдогон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн