Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 13:13
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Райымбек Матраимов журналисттерге болгон доосунан баш тартты (ФОТО)

23.04.2021 15:40
1196
Райымбек Матраимов журналисттерге болгон доосунан баш тартты (ФОТО)


Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов "Азаттык", Али Токтакунов, "Клооп" жана 24.кг медиаларына болгон доосун артка кайтарды. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди. 


Маалым болгондой, Матраимовдордун доосун артка кайтаруу боюнча өтүнүчкө алардын жактоочулары Татьяна Карыжинская жана Мадина Ниязова кол койгон. 


"УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер коомчулукка жеткирилди. Демек, Матраимовго жана анын туугандарына карата журналисттик иликтөөлөрдө көрсөтүлгөн жагдайлардын жалгандыгын жана калп экенин  өзүнчө далилдөөнүн кажети жок. Дооматтан баш тартууну кабыл алып, өндүрүштү токтотуңузду суранабыз",- деп жазылат маалыматта.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Илимбек Исраилов
Азамат экен, мына чыныгы эрдик, кечиримдүүлүк.