Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:19
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Райымбек Матраимовдун фонду Муфтияттын жаңы имаратын куруп берет

31.08.2022 08:16
463
Райымбек Матраимовдун фонду Муфтияттын жаңы имаратын куруп берет

Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан "Имам Сарахси" атындагы борбордук мечиттин жанына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы имараты курулат. Бул тууралуу “Исмаил-Ата” кайрымдуулук фонду кабарлады.


Бүгүн, 30-августта курулуштун пайдубалына капсула салуу аземине муфтий Замир кары Ракиев, “Исмаил-Ата” фондунун жетекчиси Райымбек Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов, аалымдар, дин кызматкерлери, жарандык коомдун жигердүү жарандары катышты. Муфтият буга чейин ижарага алынган имаратта отуруп келген.


Курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлүп, келе жаткан жылы муфтият жаңы имараттуу болот деген пландар бар. Имаратта муфтийдин, аалымдар кеңешинин кеңселери, жыйындар залы, окуу залдары, китепканалар жайгашмакчы.


Муфтияттын келечектеги имараты Түркиянын, Араб мамлекеттеринин муфтияттарынан кем калышпаган заманбап курулуш болору айтылат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн