Бугу 05, 2024
Убакыт: 16:16
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Райымбек Матраимовдун колун өпкөн адамдын видеосун тарткан адам сабалды

04.05.2023 13:26
517
Райымбек Матраимовдун колун өпкөн адамдын видеосун тарткан адам сабалды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун колун өпкөн адамдын видеосун тарткан адам сабалды. Бул тууралуу "Кактус.медиа" өздүк булактарына таянып кабарлады.


Маалым болгондой, видеого тарткан жаранды чымыр денелүү жигиттер сабап, унаасын талкалап кеткен.


"1-май күнү саат 03.31де 102 кызматына Асанбай кичи районунда мушташ болгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жөнөп кетишкен. Андан соң Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына 1988-жылы туулган Э.А. жана 1987-жылы туулган С.К.  алынып келинген. Түшүндүрүү иштеринен кийин алар коё берилген.

Ошондой эле сабалган жаран аларга карата доо арызы жок экенин билдирген",- деп айтылат маалыматта.


Алдын ала маалымат боюнча С.К.  Кылычбек Саркарбаев болушу мүмкүн. Анын аты-жөнүн баш тамгалары жана туулган жылы дал келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн