Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, биринчи отурум 3-февралда Биринчи Май райондук сотунда карала баштайт.
2020-жылы Райымбек Матраимовго карата кылмыш иши ачылып кармалган. Ал тергөө менен кызматташууга макул болгон жана мамлекетке зыян келтиргендиги үчүн 2 миллиард сом төлөп берген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн