Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго эртең операция жасалат. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Матраимов Бишкектеги жеке клиникада дарыланууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, ага стенокардия жана гипертония диагнозу коюлган, анын абалы орто деп бааланган. Буга байланыштуу ага операция жасоо пландаштырылууда.
Пикирлер (1)