Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 18:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Дыйканчылык кылууга эч кандай тоскоолдук жок

02.05.2020 14:26
2662
Дыйканчылык кылууга эч кандай тоскоолдук жок


Ош облусунда райондор аралык дыйканчылык кылууга эч кандай тоскоолдук жок. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда болгон брифингде Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.


Анын айтымында, дыйканчылык кылуу үчүн бир облустан экинчисине баруу азырынча болбойт.

 

Чүйгө барып дыйканчылык кылуу боюнча кайрылуулар көп болду. Биз уруксат алып бере алган жокпуз, Чүй облусуна өтүү маселе жаралат. Анткени ал жакка баруу үчүн Жалал-Абад облусунан да өтөт. Райондор аралык эч кандай маселе жок, бири-бирине барып дыйканчылыгын кылып жатат. Кээ бир учурларда блокпостордо түшүнбөстүктөр жаралып, алар жеринде чечилүүдө. Айыл өкмөттөрүнөн уруксат кагаздары менен жолдомо алып барып, иштеген жериндеги документтери көрсөтүлүшү керек” , – деди ыйгарым укуктуу өкүл.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн