Бугу 07, 2024
Убакыт: 12:56
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Райондордо дары жана медициналык шаймандар бирдей бөлүштүрүлүүгө тийиш, - Өкмөт

06.08.2020 08:29
930
Райондордо дары жана медициналык шаймандар бирдей бөлүштүрүлүүгө тийиш, - Өкмөт


Адистештирилген түзүмдөр калкты эмдөө үчүн бардык шарттарды түзүшү керек. Мындай пикирин премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын отурумунда билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кубатбек Боронов жарандардын аярлуу катмарларына мезгилдик сасык тумоого каршы өз убагында эмдөө жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Адистештирилген түзүмдөр калкты эмдөө үчүн бардык шарттарды түзүшү керек. Бул күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн абдан маанилүү иш-чара», - деп билдирди премьер-министр.

Отурумдун жүрүшүндө Баткен жана Талас облустарын медициналык жабдуулар, дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Жыйында облустардын жетекчилери докладдары менен маалымат беришти.

Өкмөт башчы медициналык мекемелердин жеке коргонуу шаймандары жана дары-дармектер менен камсыз болушу боюнча мониторинг күн сайын жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. 

«Райондордун башчылары жогоруда көрсөтүлгөн маселелерге өзгөчө көңүл буруп, ошондой эле келип жаткан гуманитардык жардамды, дары-дармектерди жана медициналык шаймандарды бирдей бөлүштүрүүнү камсыз кылууга тийиш. Региондордогу медициналык мекемелер зарыл болгон бардык каражаттар менен толук камсыздалууга тийиш. Мындан тышкары региондордо, зарылчылык келип чыкса, кошумча бөлмөлөрдү жана керебеттерди даярдоо ишин улантуу маанилүү», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн