Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айткан сөздөрүнө нааразы болгон эл бүгүн, 28-январда журналисттерге маалымат жыйын беришти. Эскерте кетсек 15-январда Ак үйдүн алдында чек ара маселелерин чечүүнү талап кылган митинг болгон. Нааразычылык акциясынын катышуучулары вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Кийин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында, Жеңиш Разаков митингдин катышуучулары акчага жалданып келгендигин айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн