Бүгүн, 30-март күнү саат 17:00 чамасында Лейлек районунун тоо этектеринде жаап өткөн жаандын кесепетинен сел жүрүүчү сайлардан сел суулары жүргөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди
Маалыматка ылайык, Раззаков шаарындагы Жангабат участкасында жайгашкан 15-20га жакын турак үйлөрдүн короолоруна сел суулары кирген.
Ош-Раззаков унаа жолунун 320-325-чакырымындагы аралыктарында жол каттамы ачык.
Алдын ала маалыматка ылайык, жабыр тарткандар жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн