Раззаков - Бишкек - Раззаков багыты боюнча авто унаа токтотуучу жайдын баасы 22 млн 500 миң сомдон ашык жер тилкеси ыктырдуу түрдө мамлекетттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Атайын кызмат 2011-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен Раззаков - Бишкек - Раззаков багыты боюнча автотоктотмолор үчүн пайдаланылган жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди.
Тиешелүү иштердин жыйынтыгы боюнча аянты 0,15 га, базар баасы 22 млн 500 миң сом болгон жер тилкеси ыктыярдуу түрдө Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн