Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:20
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Реал - Манчестер Сити. Чемпиондор лигасында жарым финалга чыккан командалар белгилүү болду

14.04.2022 06:47
524
Реал - Манчестер Сити. Чемпиондор лигасында жарым финалга чыккан командалар белгилүү болду

Европанын эң престиждүү турнири Чемпиондор лигасынын 1/4 финалы жыйынтыкталды.


Кечээ өткөн беттеште эки оюндун эсеби менен испаниялык "Реал Мадрид" клубу "Челсини" 5:4 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты. 

Ошол эле күнү Мюнхен шаарында сенсация жаралып, испаниялык "Вильярреал" "Баварияны" жалпы 2:1 эсебинде жеңип жарым финалга чыккан.


Бүгүн түндө "Ливерпуль" менен "Бенфика" ортосунда өткөн беттеш 3:3 эсебинде аяктады. Биринчи беттеште "Ливерпуль" 3:1 эсебинде жеңгени үчүн жарым финалга жолдомо алды.


Ал эми испаниялык "Атлетико Мадрид" менен "Манчестер Сити" клубунун эки беттеши тең абдан кызыктуу өттү. Биринчи оюнда жаратылган бир гол "Манчестер Сити" командасын жарым финалга сүйрөп чыкты.


Жарым финалда "Ливерпуль" менен "Вильярреал", "Манчестер Сити" менен "Реал Мадрид" командасы беттешет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн