Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 08:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Red Center соода борборунун жанында жигит бычактан жаракат алды

Red Center соода борборунун жанында жигит бычактан жаракат алды


Бишкектин борборунда жигит бычактан жараат алды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-июнда саат 19:00дөр чамасында РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Red Center соода борборунун жанынан адам бычакталганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине келген ыкчам-тергөө тобу 2000-жылы туулган А.К. аттуу жигит белгисиз адам менен уруша кетип, сол санына бычак жегендиги аныкталган.

Аталган факт Свердлов РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

А.К. ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк арыз берүүдөн баш тарткан. Тергөө иштери уланууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн