Депутат Курманкул Зулушевдин мыйзам чыгаруучулук демилгеси коомчулукта кеңири талаш-тартышты жаратты. Автордун тарапташтары да болду, бирок албетте алар аз. Эксперттердин көпчүлүгү өлкөдө башкаруу формасын өзгөртүү тууралуу референдумга каршы чыгууда.
Саясий-укуктук изилдөө борборунун директору Тамерлан Ибраимов дагы өз кезегинде реформа өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча көз карашын билдирген.
Ал белгилегендей, мыйзам долбоору жакында эле Жогорку Кеңешке сунушталган. Өлкөдө өзгөчө абал кирген маалда – туура келбеген учурда талкууга коюлганы процедураны бузуу болуп саналат. “Албетте, өзгөчө абал качандыр бир күнү аяктайт, ошондой эле референдум демилгеси боюнча процедураларды сактап, оңдоо киргизсе болот. Бирок аз дегенде, үч маанилүү себеби Кыргызстанда ушундай тарыхый этапта ишке ашырууга болбойт", - дейт ал.
Алар төмөнкүлөр:
Биринчиден, элге шайлоо өткөрүүнү сунуштоонун кереги жок
Карапайым жарандар эле эмес, көпчүлүк юристтер, саясат таануучулар өлкөдөгү башкаруу формасынын негизги өзгөчөлүктөрүн ачыктай албай жатышат. Анын маани-мазмуну боюнча ар кандай бүдөмүк ойлорун айтышат. Элдин алдына суроо коюудан мурун саясатчылар, эксперттер өздөрү терминологиянын ачык жана так аныктамасын билип, өлкөгө кандай башкаруу ылайык келээрин моделдөөсү абзел. Маселенин терең маанисин толук түшүндүрбөй жатып, элге шайлоону сунуштоонун кажети жок.
“Башкаруу формасын тандоо тууралуу маселе коомчулукту бириктирбестен, тескерисинче бөлүп-жарууга алып келиши мүмкүн, муну ишеничтүү түрдө айтса болот. Референдумда башкаруунун кандай формасын тандашпасын, добуш берүүнүн эртеси күнү кайра эле кезектеги түшүнбөстүк нааразычылыктар орун алат”, - дейт ал.
Экинчиден, учурдагы көйгөй Баш мыйзамга
өзгөртүү киргизүүнү талап кылбайт
Элди азыр экономиканы өнүктүрүү, жумушчу орундарын түзүү, жашоо-шартты жакшыртуу, мамлекеттик органдарда мыйзамдуулукту сактоо, мамлекеттик башкарууну жакшыртуу деген сыяктуу маселелер ойлондурат. Мунун бардыгын азыркы Конституциянын алкагында ишке ашыруу керек.
Президенттик башкаруу болгондо бийликтин бары бир колго өтүп, жоопкерчилик бир адамдын мойнунда болмок. Парламенттик форма болгондо бийлик эл тарабынан шайланбаган өкмөттүн колуна өтө турганын жакшы билишибиз керек. Премьер-министрди жана анын кабинетин депутаттар тобу дайындайт. А бизде депутаттардын көпчүлүк бөлүгүн кимдер түзөт, биз аны жакшы билебиз. Ар башка мамлекеттерде парламентаризм ар башкача иштейт.
Кыргызстанда парламенттик башкаруу формасы
алгач – олигархтар тобунун өз ара сүйлөшүүсү менен чечилет: таасир берүү тармактарын
бөлүштүруп алышат да, артында туруп башкарып турушат. Муну менен түшүнүксүз
жагдай чыгат, кимден сурайсың, эл шайлабаган премьер-министрденби, а депутаттар
салтка айланып калгандай жоопкерчиликти бири-бирине жүктөп коюшат. Жыйынтыгында
өкмөттү жекече алмаштыруу, жоопкерсиздик, социалдык-саясий туруктуулук абал
келип чыгат. Ал эми президенттик форма болгондо, барына ким жоопкерчиликтүү
жана кимден сураш керек, анык көрүнүп турат.
Үчүнчүдөн, Сооронбай Жээнбеков үчүн мунун мааниси жок
Мурдагы Конституцияны өзгөртүүнү
президент менен бирге анын бийлигин чыңдоо же улантуу үчүн кылганбыз. Аскар
Акаев 2003-жылы Конституцияны өзгөрттү, бирок ал 2005-жылы өлкөдөн куулуп
чыкты. Курманбек Бакиев дагы Баш мыйзамга 2007-жылы өзгөртүү киргизген эле, ал дагы 2010-жылы качып кетти. Алмазбек Атамбаев дагы Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен өзүнүн расмий кызматын тапшырып берип кеткен күндө да бийликти
кармап калам деп ойлогон, анын ою да ишке ашкан жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн