Бугу 02, 2024
Убакыт: 05:36
USD
EUR
RUB

Реформа дегенди түшүнгүсү келбегендерге

24.06.2021 14:45
1251
Реформа дегенди түшүнгүсү келбегендерге


Мамлекет жаңыланууга бет алды. Бары өзгөрүүдө. Эми30 жыл көнүмүшкө айланган көптөгөн иштер,адаттар талкаланып жок болот. Бул жөнүндө буга чейин да жазгам. Ишенбегендер өзүңөргө убал. Ушинтип барып кайра бары өз нугуна түшүп мурункудай эле жашап калабыз десеңер жаңылышасыңар. Ошондуктан өзгөргүлө. Президент Садыр Нургожоевичтин бүгүнкү өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен болгон жолугушуусундагы сүйлөгөн сөзүн дагы бир жолу кунт коюп окуп койгула. Ким жаңылануунун шартын түшүнбөсө өгүнкү энергетика министри сыяктуу ишинен кетет. Ал түгүл жазаланат.Жакынкы эле жылдарда мамлекеттик, муниципалдык кызматткерлер эл тарабынан жалданган чыныгы элдин кызматчыларына айланат. Ишкерлер бюрократ мамкызматчылардын артынан чуркабайт. Мамкызматчылар ишкерлердин артынан чуркайт. Туура азыр башталышында барын ордуна коюп тез өзгөртүү кыйын болуп жатат.

Реформанын бат жүрүшүнө биринчи кезекте кыргыз мүнөзү, адам фактору, 30 жыл калыптана түшкөн жаман адаттар тоскоол болууда. Бирок иш улана берет. Дүйнөдө бир да мамлекетте реформа жеңил өткөн эмес. Барын кыйынчылык коштогон. Керек болсо бизде реформа "жумшак" өтүп жатат. Эки жыл чыдасаңыздар үчүнчү жылы алгачкы жыйынтыгын көрө баштайсыздар. Кыргызстан гүлдөп өсүп-өнгөн мамлекетке айлануунун жолуна түштү. Жалгыз туура жол ушул. Буга ишенип жардамдаш болушубуз керек. "Мен карап турайын, сен иштечи"- деген болбойт. Кыргызстан бирө.Ал барыбыздыкы. Мамлекетибиздин келечеги ар бирибизге тиешелүү. Жок дегенде ушуну так түшүнөлү.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн