Бугу 02, 2024
Убакыт: 11:00
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Реформа элдин бир бөлүгүнө жакпагандай, коррупция менен күрөшүү да тегиз жакпайт

12.06.2021 20:04
1143
Реформа элдин бир бөлүгүнө жакпагандай, коррупция менен күрөшүү да тегиз жакпайт


Чыныгы реформа элдин, коомдун бир бөлүгүнө жакпагандай эле, коррупция менен чындап күрөшүү деле элге тегиз жакпайт. Бирок чыныгы коррупция менен күрөшүү кош стандарт, тандалма деген нерселерден оолак болуп, эң башкысы, саясат болбошу зарыл. Бир гана принцип – мамлекеттик казынага кол салып, элдин ырыскысын уурдаганбы, мыйзамсыз жолдор менен байыганбы, кызматына, таасирине, мансабына карабай мыйзам чегинде жоопко тартылып, күнөөсү далилденсе, келтирген зыяндын ордун мамлекетке кайтарып берсин деген принцип гана иштеши кажет!

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы күрөшүү аракеттери жаман эмес. Буга чейин эч ким «тиш сала албаган» фигураларга кылмыш иштери козголуп, тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө. Коррупция менен күрөшүү кампаниясы дээрлик бардык тармакты өзүнө камтыды. Ошол эле мезгилде кээ бир тармактарга көңүл бурулбай калып жаткандай. Ошондон улам УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичке кулак кагыш кылгым келди.

Аз күн мурда Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов айтпай, дебей Сосновкадагы өткөрмө пунктуна барып, ал жердеги коррупциялык көрүнүштөрдүн үстүнөн чыкты. Журналга катталган авто унаалардын саны реалдуулуктан кыйла аз болуп чыкты. Ушундан эле канча деген акчалар оң, сол чөнтөккө түшүп, ал жерде иштегендерди, алардын артында турган «крышаларын» канчалык байытып жатканын элестетип койсок болот.

Бакиевдин кезинде «Сосновка» өткөрмө пунктунан жыл сайын 100 млн. сомдон ашык акча жыйналып турган. Бул сумма азыр ага жетпейт. Чындап келгенде азыр сумма кыйла көп болушу керек эле. Анткени, андан бери өткөрмө пункттан өткөн авто унаалардын саны көбөйдү, Ош-Бишкек жолунан каттагандардын саны да өстү. Анда эмнеге сумма аз? Себеби, ЖКдагы айрым депутаттар менен Минтранстагы кээ бир аткаминерлер «Сосновка» КППсын «саан уйга» айлантып алышкан. КППда жогорудагы чиновниктерге жакын адамдар иштешет, акчаларды ошолор жыйнашат. Алар ай сайын «крышаларына» «отметка» болуп турушат. Чындык ушундай… Ошол себептен «Сосновка» КППсын автоматташтырылган системага өтүүгө ар кандай бут тосуулар болуп, көптөн бери ишке ашырылбай келатат…

Эгерде «крышаларды» байытып жаткан миллиондор бюджетке түшүрүлсо, аларга жылына жамаса жылына тамтыгы чыкчу Ош-Бишкек жолун жакшы абалда кармоого, Төө-Ашуунун ичин, туннелди убагында ремонттоп турууга мүмкүн болмок.

Камчыбек Кыдыршаевич, коррупция менен күрөшүүдө айрым чиновниктерди байытып, өлкө бюджетине зыянын тийгизип жаткан «Сосновка» КППсына окшогон тармактар унутта калбасын! Коррупциялык схемалар аныкталып, ал схемалардан өөнөлгөн акчалар мамлекеттин пайдасына «кустурулсун»!

Мирлан Дүйшенбаев, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн