Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 18:12
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

«Реформа» партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты

07.08.2020 09:11
1021
«Реформа» партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты

 

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Реформа» саясий партиясынан келип түшкөн мурда көрсөтүлгөн шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү кайра чакырып алуу жана жаңысын дайындоо жөнүндө билдирмесин карады.


БШК басма сөз кызматы билдиргендей, ал билдирменин негизинде Боршайком «Реформа» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Качиева Жибек Анаркуловнанын каттоосун жокко чыгаруу жана анын ордуна Сүйүндүк уулу Даниярды каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.


«Реформа» партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Сүйүндүк уулу Даниярга белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн